Төлөмүш Океев Анкара шаарында оорудан улам 66 жаш курагында көз жумган.
Кинорежиссёр, Кыргыз ССРинин Эл артисти Төлөмүш Океев 1935-жылы 11-сентябрда Ысык-Көл областындагы Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында туулган. Ленинград киноинженерлер институтун, ВГИКтин эки жылдык режиссёрлук жогорку курсун бүтүргөн. "Кыргызфильм" студиясында үн оператор, режиссёр, Кыргызстан кинематографисттер союзунун президиумунун төрагасынын орун басары, Түркияда элчи болуп иштеген. Ал 1963-жылдан баштап "Аптап", "Биздин балалыктын асманы", "Карамүртөз", "Кызыл алма", "Улан", "Ак илбирстин тукуму", "Махабат закымы" сыяктуу тасмаларды тарткан. Анын "Бакайдын жайыты" тасмасы Кыргыз ССР Комсомолу, "Уркуясы" Токтогул атындагы сыйлыкка татыктуу болгон. Төлөмүш Океевдин советтик маданиятка сиңирген эмгеги бийлик тарабынан жогору бааланып, 1985-жылы ал "СССРдин Эл артисти", 1972-жылы Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттык наамдарын алган. Төлөмүш Океевдин чыгармачылыктагы ийгилиги 6 эл аралык кинофестивалдын лауреаттык сыйлыгы менен белгиленген. Ал Англия, АКШ, Индия, Япония, Италия, Франция, ГДР, Непал, Араб өлкөлөрүндө болуп, өзүнүн фильмдерин жергиликтүү калкка тааныштырган.