15- Декабрь 1832 -жылы
Франциялык инженер-куруучу Гюстав Эйфель туулган
Франциялык инженер-куруучу Гюстав Эйфель туулуп, 1923-жылы 28-декабрда 91 жашында каза тапкан.
Гюстав Эйфель Франциянын сыймыгы эсептелген Эйфел мунарасынын конструктору.
XIX кылымдын 1980-жылдарынын аягында Франция өз борбор шаары Парижде Франциядагы Революциянын 100 жылдык мааракесине карата Бүткүл дүйнөлүк өндүрүштүк көргөзмөнү өткөрүүгө даярданат. Курулуш тармагы өнүгүп жаткан мамлекет экенинин далили катары кандайдыр бир эң көрүнүктүү курулуш көргөзмөгө келгендерге көрсөтүү зарыл болгон. Мунаранын курулушу 1887-жылы 28-январда башталып, 1889-жылы 31-мартта аяктаган. Ага керектелүүчү бардык элементтер жана темир-тезектер өтө так өлчөмдө өлчөнүп, Эйфелдин өзүнүн заводунда жасалган. Мунара 18 миң элементтен туруп, 2 миллион кадоолор (заклепки) менен кадалган жана жалпы салмагы 10 миң тоннаны түзгөн. Оор түйүндөр жогору жакка атайын буу крандарынын жардамы менен чыгарылып турган.
Курулушта бир убакытта 250 жумушчу эң жогорку бийиктикте жайдын аптаптуу ысык күндөрүндө да, кыш чилдесинин ызгаардуу суугунда да тынбай иштешкен.