Япониялык "Покемон" мультфильминин 38-сериясы эң популярдуу болгон. Аны Япониядагы телеканалдардан көрсөтүү учурунда бир маалда 3 жаштан жогору жаштагы 685 баланын талмасы (эпилепсия) кармап, ооруканага жеткирилген. Ал окуя коомдо "Покемондордон шок" деген аталышка ээ болгон. Бул окуядан соң бул мультфильмди көрсөтүүгө тыюу салынып, бирок 1998-жылы 16-апрелде көрүүчүлөрдүн суранычы боюнча кайрадан көрсөтүлө баштаган.