"Барбаросс планы" (Ыйык Рим империясынын императору Фридрих I Барбаросстун атынан) - СССРге каршы фашисттик Германиянын согуш планынын шарттуу аталышы. Согуш жолу менен СССРди жок кылуу, империализм менен фашизмдин бүткүл дүйнөгө өзүнүн бийлигин орнотуу программасынын эң маанилүү бөлүгү болгон.