18- Декабрь 1921 -жылы советтик жана орусиялык актёр жана маскарапоз Юрий Никулин туулган
СССРдин Эл артисти, Москвадагы Түстүү сейил багындагы цирктин жетекчиси, актёр жана маскарапоз Юрий Никулин Смоленск губерниясындагы Демидово шаарчасында төрөлгөн. Атасы цирк үчүн эстрада скечтерин, клоунада, реприздерди жазган. Ал эми апасы Юлия ошол циркте ырларды окучу. Никулиндер 1925-жылы Москвага көчүп келишкен. Юра 5ке толгондо атасы аны циркке алып барып, циркти ал бир көргөндө эле жактырып калат. Юра 1929-жылы 1-класска кирет. Өмүрүндөгү эң биринчи ролду "Огород" деген оюндагы Горошканын кейипкери болуп аткарат. Ошондо айта турган 3 сап ырды унутуп калып, амал менен кутулуп кетет. 15 жашынан баштап жалаң анекдотторду чогултуп, калың дептерине жаза берет. Юрий Никулин 1939-жылдан 1946-жылга чейин аскерде, согушта болгон. Ал жактан да анекдот айтуу боюнча алдына киши салган эмес. Аскерден келип ВГИКке тапшырса, ал жердегилер "сенде анча-мынча чымын бар экен, бирок киного жарабайсың" деп коюшат. Анан ГИТИС менен Щепкин атындагы Театралдык окуу жайга кирет, бирок ал жакты да аяктабай туруп, Ленин ордендүү Москва циркинин клоунада студиясына тапшырат.
Кезинде Сталин циркти сүйгөн эмес экен, бирок согуш мезгилине карабастан, цирктин эмеректери менен жаныбарларын сактоого катуу көңүл бурган. Хрущёв циркти жанындай көрчү дешет. Никулин менен Шуйдиндин дуэттерине боору эзилип күлчү экен. Брежнев болсо кызы цирк артисти Евгений Милаевге турмушка чыккандан кийин циркке өзгөчө көңүл бөлүп калганын айтышат. Ал эми кайра куруу кезинде М.Горбачёв менен болгон жолугушууда Ю.Никулин "Цирктеги айбанаттардын 5 күндүк эле тамагы калды, көңүл бөлбөчү болсоңор, Өкмөт үйүнүн жанына көчүп барабыз дагы, арстандарды клеткалардан коё беребиз, ошондо милицияларды эт кылып жешет" деген экен тайманбай. Анда Горбачёв 1 мүнөт Никулинди аңырайып тиктейт да, анан каткырып күлгөн экен. Артисттер жолугушуудан кийин циркке барышса, цирктин кампасы этке толуп калыптыр. 
Никулин өзүн мактагандарга "цирк үчүн мен эч кандай "великий" эмесмин, мени кино популярдуу кылды" деп айтчу дешет. Орустун бул улуу артисти 1997-жылы 76 жаш курагында дүйнө салган. Доктурлар Никулиндин өмүрү үчүн 16 күн тынбай күрөшүп, 16 күн бою Орусия басылмалары анын ар бир күнүн жазып турушкан. Тилекке каршы, доктурлар айла таба алышкан эмес. 
Цирктин имаратындагы Никулин менен коштошууга Б.Ельцин да катышкан. Ю.В.Никулиндин сөөгү Новодевичье көрүстөнүнө коюлган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан