18- Декабрь 1946 -жылы америкалык режиссёр Стивен Спилберг туулган
Америкалык режиссёр Стивен Спилберг АКШнын Огайо штатында туулган. Анын эң негизги тасмалары – “Келгин”, “Полтергейст”, “Юра доорунун паркы”, “Катардагы Райанды куткаруу”, “Индиана Жонс - 1, 2, 3”, “Терминал”, “Шиндлердин тизмеси” ж.б.
Стивен тасма тартууга кичинесинен баштап кызыккан. Ал 12 жашында атасынын камерасын уурдап алып, 3 эжеси катышкан кыска метраждуу тасмасын тарткан. 13 жашында экинчи фильми үчүн мэриядан сыйлык алган. 14 жашында Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу 40 мүнөттүк философиялык тасмасы көрсөтүлгөн. Согуш туурасындагы бул тасманын сценарийин кичинекей Спилберг өзү жазган.
Голливуддагы алдынкы кинокомпаниялардын бири “Юниверсал Пикчерс” жаш талантка көз салып, анын балакатка жетишин күтүп жүргөн. 16 жашка чыгары менен Стивен кинокомпания менен келишим түзүп, эң биринчи гонорары – 100 долларын алган.
Азыр Спилберг жеке киностудиянын ээси, “Дрим Воркс” киностудиясынын үч жетекчисинин бири.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан