21- Декабрь 1991 -жылы
Алматыда мурда Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчылары Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине биригишкен
Алматыда мурда Советтер Союзуна кирген Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Украинанын мамлекет башчылары чогулушуп, Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине биригишкен. Келишим аталган өлкөлөрдүн бардык тилдеринде жазылып, анын түп нускасы КМШнын штаб-квартирасы Минск шаарында сакталышы белгиленген. Кыргызстан тараптан келишимге президент Аскар Акаев кол койгон.