24- Декабрь 1995 -жылы Кыргыз Республикасында кезектеги президенттик шайлоо өткөрүлгөн
Кыргыз Республикасындагы кезектеги президенттик шайлоо өткөрүлгөн. Айрым адистердин белгилөөсүнө ылайык, 1995-жылкы шайлоо Конституциялык мөөнөттөн мурда жасалган жана ал Кыргыз өлкөсүндөгү кийин уланган шайлоо чатагынын башаты болгон. Конституциялык нормага ылайык президенттик шайлоо 1996-жылдын август айында өткөрүлүшү каралган. Бирок өлкөнүн саясий элитасындагы оппозициялык кыймылдан улам президент шайлоону алар кам көрө алгыс мөөнөттөн мурда белгилеген. 
Президенттик шайлоо талапкерлигине Аскар Акаевден башка Жумгалбек Аманбаев, Апсамат Масалиев, Медеткан Шеримкулов, Мамат Айбалаев, Юруслан Тойчубеков, Өмүрбек Текебаев, Турсунбай Бакир уулу көрсөтүлгөн. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлер региондун шайлоочуларынын санына жараша пропорционалдуу кол топтолушу керек деген күтүүсүз токтом кабыл алып, ал шайлоонун чырга айланышына жол ачкан.
Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңжалдуу токтомунун натыйжасында, Ж.Аманбаев, М.Айбалаев, Ю.Тойчубеков, Ө.Текебаев, Т.Бакир уулу президенттик шайлоо талапкерлигинен чыгарылган.
Президенттик шайлоого А.Акаев, А.Масалиев менен М.Шеримкуловдор катышып, А.Акаев 71, 65% добуш топтоп кезектеги мөөнөткө мамлекет башына келген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан