25- Декабрь 1991 -жылы
АКШ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгүн тааныган
Мурда Советтер Союзуна кирген Кыргыз өлкөсү, Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Украина өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары 1991-жылдын 21-декабрында Алматы шаарында чогулуп, Шериктеш мамлекеттердин биримдигин куруу туурасында келишимге кол коюшкан. Ал укуктук жактан СССР мамлекетинин тарагандыгын жыйынтыктаган. Анын натыйжасында АКШ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендигин тааныган.