21- Декабрь 2007 -жылы
Европалык Шенген келишимине кирген өлкөлөрдүн саны 9га жеткен
Европалык Шенген келишимине кирген өлкөлөрдүн саны 9га жеткен. Алар – Литва, Латвия, Эстония, Польша, Чехия, Словакия, Словения, Венгрия, Мальта.
Шенгендин тарыхы 1948-жылы башталган. Ошо жылы Нидерланды, Бельгия жана Люксембург өз ара чек араларын ачышкан. Андан төрт жылдан соң Скандинавия өлкөлөрү Түндүк паспорт союзун түзүшкөн. Азыркы келишим 1985-жылы Люксембургдун Шенген кыштагында түзүлгөн жана адегенде ага сегиз өлкө кирген. Кийин аларга Евросоюздун дагы сегиз мүчөсү кошулган. Учурда Шенгенге 24 өлкө мүчө.