Советтик коомдук-саясий ишмер, КПСС БКнын генералдык катчысы (1941-1953), Советтер Союзунун баатыры, генералиссимус Иосиф Сталин (чын фамилиясы Жугашвили) Грузиянын Тифлис губерниясындагы Гори шаарында туулган. 1894-жылы Горидеги дин окуу жайын бүтүргөн. Кийин марксчылардын таасири менен революциячыл кыймылга аралашып, жашырын ийримдерде маркстык адабияттар менен тааныша баштаган. Октябрь революциясын даярдоого жана ишке ашырууга активдүү катышып, Борбордук Комиссиянын Саясий бюросунун куралдуу көтөрүлүшкө жетекчилик кылып, Петроград Аскердик революциялык комитетинин мүчөлүгүнө кирген.