21- Декабрь 2006 -жылы
Түркмөнстандын президенти Сапармурат Ниязов каза болгон
Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурат Ниязов жүрөгү токтоп, мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.
Сапармурат Ниязов 1940-жылы 19-февралда Ашхабадда төрөлгөн. 1985-жылы Түркмөн ССРинин Коммунисттик партиясынын биринчи секретары кызматына дайындалып, 1992-жылы эгемен Түркмөнстандын биринчи президенти болуп шайланган. 1994-жылы жалпы элдик референдум менен Ниязовдун президенттик ыйгарым укуктары 2002-жылга чейин узартылып, 1999-жылы Түркмөнстандын Элдик Кеңеши (парламент) Ниязовдун өмүр бою президент болушуна токтом кабыл алган. Ал ажо катары өзүнүн тышкы жана ички саясатын “Түркмөнстан – эл аралык деңгээлдеги тарапсыз өлкө” деп жарыялоо менен баштаган.