Советтик авиаконструктор, Социалисттик Эмгектин 3 жолку Баатыры Андрей Туполев 84 жашында Москвада көз жумган.Ал 1888-жылы 10-ноябрда Орусиянын Тверь губерниясындагы Пустомазов айылында жарык дүйнөгө келген.Москва императордук техникалык окуу жайын артыкчылык менен аяктап, окуп жүргөндө аэродинамикалык түтүктөрдү жасоо менен алектенген. 1910-жылы ал биринчи жолу өзү жасаган планерде учкан. Окууну аяктагандан кийин механик Николай Жуковскийдин шакирти болуп, экөө Борбордук аэрогидродинамикалык институтту түзүшкөн.