
“Евровидение-2008” ыр сынагын жеңип алган биринчи орусиялык ырчы Дима Билан (төрөлгөндөгү аты-жөнү – Виктор Белан) Орусиянын Карачай-Черкес республикасында туулган.
Дима кичинесинен эле музыкага шыктуу болуп чоңоёт. Ал мектепке окуй элек кезинде эле кошуна балдарды чогултуп алып аларга ырдап, бийлеп концерт коюп берген күндөрү көп болгон. Дима 6 жашка чыкканда ата-энеси Орусиядагы Кабардин-Балкар республикасына көчүп барышат. Дима ошол жактан биринчи жолу мектепке барат. Мектепте ар кайсы сынактарга катышып, билген ырларын ырдап жүрөт. Ал мектепке музыкалык мектептин окутуучусу келип, окуучулардын угуу жөндөмдүүлүгүн текшерет. Диманын "Во поле береза стояла" деген ырды ырдаганын угуп, аны тезинен музыкалык мектепке которулуп, билим алуусун өтүнөт. Бирок, Диманын ата-энеси буга макул болбой музыкадан мурун окууга көңүл буруусу тийиш деп каршы чыгышат. Антсе да Дима 11 жашында ата-энесинин макулдугун алууга жетишип, музыкалык мектепке кирет. Анда балдар хорунда ырдап, аккордеон жаатында билим алат.
Дима 18 жашында биринчи жолу Москва шаарына келип, балдар чыгармачылыгына арналган "Чанга-Чунга" фестивалына катышат. Ал фестивалда Диманын талантын байкаган Иосиф Кобзон өз колу менен диплом тапшырат. Ал орто мектепти аяктаары менен Москвадагы Гнесин атындагы музыкалык окуу жайына тапшырып, андан вокал боюнча билим алат. Дима 3-курста экенинде атактуу продюсер Юрий Айзеншпис менен таанышып, аны менен бирге иштешип калат. Бул продюсердин жардамы менен Диманын алгачкы "Бум" аттуу ырына клип тартылат. Бирок, муну менен Диманын атагы анчалык деле билинбейт. Андан көп убакыт өтпөй "Я ночной хулиган" аттуу ыры чыгып, ага клип тартылгандан кийин Дима көпчүлүккө тааныла баштаган. Ошентип Дима атактуулукка жетип, канчалаган сыйлык, наамдарды алганга үлгүргөн.