25- Декабрь 1977 -жылы Англиялык актёр, композитор жана режиссёр Чарли Чаплин каза болгон
Англиялык актёр, композитор жана режиссёр Чарли Чаплин 88 жаш курагында көз жумган. Чаплинди акыркы сапарга салтанат менен узатышкан. Ал акыркы жайына коюлган соң опузачылар (шантажист) тарабынан сөөгү казылып алынган. Албетте, алар улуу комедия актёрунун үй-бүлөсүнөн акча талап кылышкан. Бирок маркумдун жубайы акча төлөөдөн баш тартып койгон. Себеби, Чаплин ушул сымал окуя болорун сезип, бир жыл мурун аялына “мени уурдап кетишип, акча талап кылышса, төлөбө” деп эскерткен. Кылмышкерлер кармалып, Чаплиндин сөөгү кайра жерге берилген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан