1972-жылы Фёдор Достоевскийдин "Кылмыш жана жаза" чыгармасынын негизинде коюлган спектаклде театрдагы дебюттук ролун аткарган. Ал эми актёрлук карьерасын 1974-жылы "Көпүрөлөр" тасмасынан баштап, 1978-жылы "Д’Артаньян жана үч мушкетёр" тасмасына тартылып, жылдызы жанган. Михаил Боярский Орусиянын маданиятына кошкон салымы үчүн көптөгөн сыйлык, наамдарга ээ болуп, 1984-жылы Орусиянын Эмгек сиңирген артисти наамына арзыса, 1990-жылы Эл артисти наамын алган.М.Боярский "Трубадур жана анын достору" мюзиклинде башкы ролду аткаргандан кийин, көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө ээ болуп, актриса Лариса Луппианга үйлөнгөн. Экөө Елизавета аттуу кыздуу болушуп, ал дагы кийин акрисалык кесипти тандап алган. Актёр мындан тышкары "Кар ханышасы", "Станция", "Адамдар жана дилгирленүү" жана "Дульсинея Тобосская" спектаклдеринде роль аткарган.Актёрдун тартылган тасмаларындагы ырларды ал өзү ырдаган.
Анын 21-кылымда тартылган тасмалары болуп "Жаңы бремендиктер" (2000), "Акмак" (2003), "Тарас Бульба" (2008), "Мушкетёрлодун кайтып келүүсү" (2008), "Капуциндердин бульварындагы киши" (2009), "Пётр Биринчи. Мурас" (2011),"Шерлок Холмс" (2013), "Эң мыкты күн" (2015) жана башкалар эсептелет.М.Боярский телевидениеде дагы иштеген. Алсак, залкар артист Юрий Никулин дүйнөдөн кайткандан кийин "Белый попугай" телеберүүсүн алып барган. Ошондой эле ал "Домино", "Боярский двор" берүүлөрүнүн автору. Ырчынын репертуарында 400гө жакын ыры бар, алардын көбүнүн сөзү өзүнө таандык болуп эсептелет.