27- Декабрь 1948 -жылы Франциялык актёр Жерар Депардье туулган
Франциялык актёр Жерар Депардье Франциянын Шатору шаарында туулган. "Алтын глобус" сыйлыгынын лауреаты, "Сезар" сыйлыгынын эки жолку ээси Жерар Депардье Францияда гана эмес бүт дүйнө жүзүнө таанымал таланттуу актёр. Жерар Депардье комедияларда гана эмес, мелодрама, тарыхый тасмаларда да роль жараткан көп кырдуу талант. Ал Жан-Поль Бельмондо, Ален Делон сыяктуу белгилүү актёрлор менен катар СССРдин аймагында атактуулукка жеткен. Аны көпчүлүк Пьер Ришар менен чогуу тартылган "Папаши", "Качкындар ("Беглецы"), Кристиан Клавье менен биргеликте тартылган Астерик менен Обеликс жөнүндөгү комедиялары аркылуу таанышат. 2013-жылдын 5-январында Жерар Депардье Орусиянын жарандыгын алган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан