Орусиялык сценарист, режиссер Сергей Бодровдун уулу Сергей Бодров Москвада төрөлгөн. Ломоносов атындагы МГУнун тарых факультетин бүтүрүп, өз кесиби менен кетпей журналист, жан сакчы болуп эмгектенген. 1995-жылы атасы "Кавказ туткунун" тартууга Дагестанга жөнөөрдө Сергей болбой атасын ээрчип алган. Ал жерден атасы ага башкы каармандын ролун сунуштап, Сергей Бодровдун кинодогу алгачкы дебюту башталган. "Кавказ туткунуна" тартылып жаткан кезинде Алексей Балабановдун көзүнө чалдыгып, ал болочоктогу актёрду "Брат" (Ага) деген тасмага тартылууну сунуштаган. 1996-жылдан 1999-жылга чейин Сергей Бодров ОРТнын "Взгляд" (Көз-караш) телеберүүсүн алып барып, ал жерден өмүрлүк жары Светлана Михайловага жолугат. Экөө 1997-жылы баш кошуп, бир жылдан кийин Ольга аттуу кыздуу болушкан. Сергей Бодров көчкүнүн астында калаардан бир ай мурда Саша деген уулу төрөлгөн.