Беназир Бхутто 1953-жылы 21-июнда Пакистандын Карачи шаарында туулган. Атасы Зулфикар Али Бхутто 1971-1977-жылдары Пакистандын президенти, анан премьер-министри болгон. Бхутто Гарвард, андан кийин Оксфорд университеттеринде окуган. 1979-1984-жылдар аралыгында саясий куугунтукка туш болгон. 1984-жылы Англияга көчүп кетип, 1986-жылы кайра келип, атасы негиздеген Пакистан элдик партиясын жетектеген. 1988-жылы шайлоодо жеңишке жетишип премьер-министр кызматына отурган. 1990-жылы кызматтан четтетилип, 1993-жылы кайра премьерликке келген. 1993-жылы Беназир Бхуттонун бир тууганы Муртаза мекенине кайтып келип, партия жетекчилигин талашкан. Бирок ал терроризмге катышы бар деп айыпталып, камалып, бир жылдан кийин бошотулган.