28- Декабрь 1901 -жылы коомдук-саясий ишмер Жусуп Абдрахманов туулган
Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башында тургандардын бири, Кыргыз ССРинин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы, кыргыз калкынын көрүнүктүү уулу, таанымал саясий жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахманов Күнгөй Ак-Суу болуштугунун Чиркей айылында туулган. Анын бала чагы Сазановка айылында өткөн. Ал башында 3 жылдык жергиликтүү орус мектебин бүтүргөн. 1914-жылы Караколдогу шаардык жогорку училищеде окуп, тилекке каршы, 1916-жылкы окуя анын билим алуусуна кедергисин тийгизген. 1920-жылдан тарта ал партиялык кызматка аралашып, 1924-жылы Түркстан Борбордук аткаруу комитетинде жооптуу катчынын милдетин аткарган. Жусуп Абдрахманов 1927-жылы Кыргыз автономиялык облусунун Элдик комиссарлар кеңешине төрагалык кызматка дайындалган.

Абдрахманов өз элинин тарыхын изилдөөчү катары республиканын тарых илиминин өнүгүшүнүн башатында турат. Анын Кыргыз мамлекетинин тарыхы боюнча алгачкы эмгеги 1928-жылы "Кыргызстан" деген ат менен жарык көргөн. Мындан тышкары, анын 1916-жылкы көтөрүлүш жөнүндө чындык жана акыйкат өңүтүндө жазылган "Күндөлүгү" жана башка китептери белгилүү.

1933-жылы сентябрда Жусуп Абдрахманов "Коммунисттик партияга каршы аракеттенген" деген жалаа менен ишинен бошотулуп, партиянын катарынан чыгарылган. 1937-жылы 10-июнда "контрреволюциячыл "Алаш-Ордо" уюмунун катышуучусу" деген жалаа менен камакка алынган. 1938-жылы 5-ноябрда бейкүнөө атылган, бирок 1958-жылы кайрадан акталган.http://www.super.kg/kabar/news/258165/

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан