29- Декабрь 1785 -жылы сарыбагыш уруусунун элчилери Абдрахман Кучак уулу менен Шергазы Омскидеги орус бийлигинин кабыл алуусунда болгон
Бир жагынан Цин империясынын кол салуу коркунучу, экинчи тараптан казак султандарынын кысымынан чочулаган кыргыздардын улук бийи Атаке баатыр абалды салмакташ үчүн курултай чакырып, калкка орус бийлигине кирүү сунушу менен кайрылган. Курултайга келген кыргыз жакшылары улук бийдин сунушун туура табышкан. Курултайдан колдоо тапкан Атаке баатыр Абдрахман Кучаковду баш кылып, ага Шергазыны кошуп кыргыз элчилигин 1785-жылы Орусия империясынын борбору Петербургга аттандырган. Кыргыз элчилери казак султандарынын ээлиги аркылуу адегенде Омск шаарына келишкен. Сибирдеги орус администрациясы кыргыз элчилигин жылуу кабыл алып, 1785-жылдын 29-декабрында аларды Петербургга узаткан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан