2- Январь 2003 -жылы
Ысык-Көлдө туризм шартын өнүктүрүү максатында Семёнов капчыгайында лыжа базасы ачылган
Ысык-Көлдүн Семёнов капчыгайында орун алган лыжа базасы салтанат менен ачылган. Лыжа базасы Ысык-Көлдөгү туризмди өнүктүрүү максатын көздөп, анын курулушуна мамлекет эле эмес, жеке ишкерлер тарабынан да колдоо көрсөтүлгөн. Мындан улам салтанатка катышкан Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев, туризмди ашар жолу аркылуу да эл аралык деңгээлге көтөрсө боло тургандыгын белгилеген.