28- Декабрь 1908 -жылы Сицилия аралында 75 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган жер титирөө катталган
Сицилия аралында 75 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган жер титирөө катталган. Сицилия жана Аппенин жарым аралдарынын ортосундагы Мессин кысыгында күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Ал бийиктиги 10 метр болгон цунами толкундарын пайда кылып, табигый кырсыктын кесепетинен Мессина, Реджо-ди-Калабрия жана Пальми шаарлары кыйраган. Европанын тарыхында эң чоң деп эсептелген жер титирөөдөн курман болгондордун саны 75 миңден ашкан. Жер титирөө болгон аймакка жакын жерде орустардын аскердик кемеси болгондуктан анын ичиндегилер кырсыктан жабыркагандарды куткарып, миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калган. 2012-жылы 9-июнда Мессина шаарында куткаруу операциясына катышкан орус моряктарына колодон эстелик орнотулган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан