28- Декабрь 1999 -жылыСапармурат Ниязов өмүрү өткүчө Түркмөнстандын президенти болуп жарыяланган
Сапармурат Ниязов өмүрү өткүчө Түркмөнстандын президенти болуп жарыяланган.
Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурат Ниязов 1940-жылы 19-февралда Ашхабадда төрөлгөн. 1985-жылы Түркмөн ССРинин Коммунисттик партиясынын биринчи секретары кызматына дайындалып, 1992-жылы эгемен Түркмөнстандын биринчи президенти болуп шайланган. 1994-жылы жалпы элдик референдум менен Ниязовдун президенттик ыйгарым укуктары 2002-жылга чейин узартылат. 1999-жылы Түркмөнстандын Элдик Кеңеши (парламент) Ниязовдун өмүр бою президент болушуна токтом кабыл алган. Түркмөнбашы 2006-жылдын 21-декабрында жүрөгү токтоп, дүйнөдөн мезгилсиз кайткан.
Ал ажо катары өзүнүн тышкы жана ички саясатын “Түркмөнстан – эл аралык деңгээлдеги тарапсыз өлкө” деп жарыялоо менен баштаган.