Иракты 24 жыл башкарган (1979-2003) өлкөнүн 5-президенти Саддам Хусейн Багдад шаарында таңкы саат 6:00дө дарга асылган. Саддамдын өлүмүнө анын адвокаттары, дарыгерлери жана айрым расмий бийликтин өкүлдөрү күбө болушкан. Өлүм жазасын аткаруу процесси видео тасмага тартылып, Ирактын аскер базасында ишке ашырылган. Себеби, Ирактын экс-президентинин өлүмүнө айрымдар ишенбей коюшат деген кооптонуулар пайда болгон.