1- Январь 1893 -жылы Советтер Союзунун баатыры, генерал-майор Иван Панфилов туулган
Советтер Союзунун баатыры (1942), генерал-майор (1940) Иван Панфилов туулуп, 1941-жылы 18-ноябрда 48 жашында согушта курман болгон.
Иван Панфилов 1918-жылдан Кызыл Армияда кызмат өтөп, Граждандык согушка (1918-1920) катышкан.
1923-жылы Киевдеги бириккен жогорку аскер окуу жайын бүтүрүп, 1938-1941-жылы Кыргыз ССРинин аскер комиссары болгон.
1941-жылы июлдан Улуу Ата Мекендик согушта Түндүк-Батыш, Батыш фронтторунун 316-аткычтар дивизиясынын командири болуп, октябрь, ноябрь айларында анын дивизиясы Москваны коргоодо эрдик көрсөткөн (к. Жыйырма сегиз баатыр панфиловчулар).
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан