1- Январь 1894 -жылы
Немис физиги Генрих Герц көз жумган
Немис физиги Генрих Герц Германиянын Бонн шаарында 36 жашында көз жумган.
Генрих Герц 1857-жылы 22-февралда Гамбургда туулган. Ал Берлин университетин бүтүрүп, 1885-жылдан 1889-жылга чейин Карлсруэ университетинде, ал эми 1889-жылдан баштап Бонн университетинде иштеген.
Генрих Герц Жеймс Максвеллдин жарыктын электромагниттик теорииясын эксперимент аркылуу далилдеген. Андан сырткары электромагниттик толкундардын бар экендигин далилдеп, электромагниттик толкундардын чагылуусун, интерференциясын, дифракциясын жана поляризациясын ачкан, алардын ылдамдыгынын жарыктын таралыш ылдамдыгы менен бирдейлигин жана жарыктын электромагниттик толкундардын эле бир түрү экендигин тапкан.