29- Апрель 1941 -жылы
Кыргызстандын эки шаарын бириктирген биринчи темир жол линиясы ишке киришкен
Фрунзе шаарынан чыккан поезд саат 12 жарымда Токмок шаарына келген. Ошентип Кыргызстандын эки шаарын бириктирген биринчи темир жол линиясы ишке киришкен. Борбордон келген поезди станцияда токмоктуктар салтанат менен тосуп алышкан.
Токмок станциясында оркестр ойноп, борбор менен Токмокту байланыштырган темир жол багытынын ачылышына байланыштуу майрам өткөрүлгөн. Темир жол багыты жалаң кол эмгегинен бүткөрүлүп, анын ишине Чүй өрөөнүнүн калкы кеңири тартылган. Мындан улам салтанатка келген калк да темир жолдун курулушун эмгек жеңиши катары баалап, анын үзүрү экономикадагы ийгиликтерден арзый тургандыгын билдиришкен.