3- Январь 1501 -жылы Түрк акыны жана ойчулу Алишер Навои көз жумган
Өзбек акыны жана ойчулу Алишер Навои (чын аты-жөнү Низамаддин Мир) 59 жаш курагынджа көз жумган.
Алишер Навои 1441-жылы 9-февралда Герат шаарында туулган. Атасы Гыйаседдин Кичкина Хоросанга жакын жайгашкан Сабзавор шаарынын башкаруучусу
Абылкасым Бабурдун сарайында кызмат кылган. Айрыкча, Алишердин апасы сарайдагы султандарга сүт энелик кылып, балдарды багышканга жардам берген. Бул жагдай Алишердин сарайда султандар менен бирге чоңоюшуна шарт түзгөн. Сарайда балдар жаш кезинен фарс тилин үйрөнүшүп, фарсча чыгармаларды окуп тарбияланышкан. Алишер да алар менен кошо өтө жаш кезинде фарсча окуп жазганды үйрөнгөн. 1469-жылга чейин ар түрдүү кызматтарды аркалаган Алишер ордодо катчы болуп иштей баштаган. Адилеттүүлүгү жана калыстыгы менен элдин алкоосуна татыган. Бир топ мечит, медресе, көпүрө жана ооруканаларды салдырган, калктан жок жерге салык жыйнаган өкүлдөргө каршы чыгып, калктын сөзүн сүйлөгөн. 1498-жылы мамлекеттик кызматтан кетип, кээ бир маалыматтар боюнча 1501-жылдын 12-январында дүйнөдөн кайткан деп айтылса, көпчүлүгүндө 3-январда көз жумган деп жазылган.
Алишер Новаи көптөгөн чыгармаларды жазып калтырган. Көпчүлүк акындардай эле ал дагы парс акындарынын чыгармаларын окуп, ошолордон таасирленгени менен чыгармаларынын көп бөлүгүн түрк тектүү элдердин орток жазуу тили болгон Чагатай түркчөсү менен жазган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан