7- Январь 1657 -жылы
эне-cайлык кыргыздар Сибирдеги орус воеводалары менен алака куруу аракетин көздөп Красноярскиге келишкен
Эне-сайлык кыргыздар Сибирдеги орус воеводалары менен алака куруу аракетин көздөп Красноярскиге келишкен. Красноярск воеводасы М.Скрябиндин билдирүүсүнө караганда, кыргыз ээлигинин Алтыр аймагынан 4 адам келип, ага монголдордун тымызын аракети туурасында кабарлашкан. Кыргыздардын кабарлоосуна ылайык, монгол Алтынханынын уулу Лоджан атасынын орустарга берген шертин бузуп, Красноярск чебине кол салуу үчүн кам көрө баштаган.