8- Январь 2006 -жылы
балбан Раатбек Санатбаев каза болгон
Кыргыздын XX кылымдагы мыкты балбаны аталган Раатбек Санатбаевди борбордун 7-кичи районундагы күркөлөрдүн биринен сүт алып бейкапар чыгып келе жаткан жеринен атып кетишкен.
Раатбек Санатбаев Жалал-Абад облусунда 1969-жылы 7-майда үй-бүлөдөгү экинчи уул болуп төрөлгөн. 5-6-классында борбордогу спорттук мектеп-интернатта окуп калып, аны аяктаган соң Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтуна тапшырган. Ошентип спорт дүйнөсүнө аралашып, көптөгөн ийгиликтерге жетишкен. Алар:
1994-жыл. “Vaanta” эл аралык мелдеши, Гран-при.
1994-жыл. Хиросима (Япония). XII Азия оюндарында күмүш медаль, 2-орун.
1995-жыл. Манила (Филиппин аралдары). Азия чемпиондугунда 2-орун.
1998-жыл. Бангкок (Таиланд). XIII Азия оюндарында күмүш байге.
1999-жыл. Афины (Греция). “Акропольс” эл аралык мелдеши, алтын медаль.
1999-жыл. Ташкент (Өзбекстан). Азия чемпиондугунда алтын медаль.
2000-жыл. Сеул (Түштүк Корея). Азия чемпиондугунда алтын медаль.
Раатбек Санатбаев 1998-1999-жылдары FILA рейтинги боюнча планетанын үчилтигине кирген. Ал эми 2000-жылы Кыргыз-Орус Славян университетинин юриспруденция факультетин бүтүргөн.