Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 3-жана 4-чакырылыштарынын депутаты, Бишкектин экс-мэри, меценат Аскар Салымбеков Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында туулган. КМУнун тарых факультетин бүтүргөн. Дене тарбия институтунда комсомол комитетинин катчысы болуу менен эмгек жолу башталган. Кийин Кыргызстан комсомолунун Борбордук комитетинин аппаратында бөлүм башчы, Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы болуп иштеген. 1991-жылы Бишкек шаарында атактуу "Дордой" базарын уюштурган.