Президент Аскар Акаев баштаган кыргыз өлкөсүнүн делегациясы Индияга барып, өлкө жетекчилиги Индия президенти Абдул Калам, премьер-министр Атал Бихари Ваджпаи менен жолугушкан. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу, региондогу коопсуздук жана террорчулукка каршы күрөшүү маселелери талкууланган.