11- Ноябрь 1977 -жылы Кыргыз мамлекеттик циркинин жаңы имараты ачылган
Кыргыз циркинин жаңы имаратынын салынышына актёр, режиссёр, музыкант Абубакир Изибаевдин салымы чоң болгон. Ал ошол учурда цирктин директору болуп иштеп турган. Өмүрүнүн акыркы 15 жылын циркке арнаган Изибаев эски жыгач цирктен шарты мыкты, архитектурасы кооз имаратты тез арада бүтүрүүгө аракет кылган. Ошондой эле цирк артисттери үчүн мейманкана салдырган. Циркте машыгуучу спортзалдар, каучук манеж жана артисттер үчүн бөлмөлөр болгон. Ал эми көрүүчүлөр залы 1800дөн ашуун адамга ылайыкталган. Имараттын архитекторлору - Л.Сегал, И.Шадрин, А.Нежурин. Алар 1978-жылы СССРдин Министрлер кеңешинин сыйлыгына татыктуу болушкан. 2015-жылы 18-майда Кыргыз мамлекеттик циркине Изибаевдин атын ыйгаруу жөнүндө токтом кабыл алынган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан