12- Ноябрь 1928 -жылы
Фрунзеде биринчи жолу жер титирөөгө туруштук бере турган үйлөрдү куруу тажрыйбасы колдонула баштаган
Дүйнөдө биринчи жолу антисейсмологиялык жаздыкчадагы үйлөрдүн курулуш тажрыйбасы Фрунзе шаарында жасалган. Архитектор жана инженер А.Зенков иштеп чыккан методго ылайык, курулуш имаратынын фундаменти терең казылып, фундамент менен топурак ортосунда боштук пайда болгон. Ачык калган боштук топурак менен толтурулуп ал горизонталдык жана вертикалдык жер титирөөлөрдө антисейсмологиялык жаздыкча ролун аткарган.