13- Ноябрь 1873 -жылы
Түркстан генерал-губернаторунун милдетин аткаруучу генерал-лейтенант Г.А.Колпаковский Кокон хандыгына каршы көтөрүлгөн кыргыздардын келгендигин кабарлаган
Түркстан генерал-губернаторунун милдетин аткаруучу генерал-лейтенант Г.А.Колпаковский Кокон хандыгына каршы көтөрүлгөн кыргыздардын келгендигин кабарлаган. Кокон ханы Кудаяр көрсөткөн кордукка нааразы болгон кыргыздар Хожент уезддик башчы, генерал-майор Эйлерге көтөрүлүштүн чыгыш себебин түшүндүрүшкөн. Кыргыз урууларынын кайрылуусунда алардын көтөрүлүш чыгарышынын себеби жана козголоң чыгаргандардын саны маалымдалып, мындан тышкары, Сырдарыя жана Жети-Суу областтык бийликтерине тышка жер которгон кокондук кыргыздарды кайра көчүрүү талабы коюлган.