Кыргызстан компартиясынын Борбордук комитетиндеги идеологиялык комиссия "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамынын комплекстүү колдонушу туурасындагы программаны жактырган. Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тилди колдонуу программасы 2000-жылга чейин эсептелип, анда кыргыз тилинин колдонулуш тармагы, окутулуш жагдайы каралган. Мындан тышкары, орус тили улут аралык данакер кызматын аткарып, эки тил ортосундагы ич ара мамиле да аныкталган.