8- Ноябрь 1895 -жылы
Немис физиги Вильгелм Рентген өзүнүн аты менен аталып калган Рентген нурларын ачкан
Немис физиги Вильгелм Рентген электр тогу менен эксперимент жүргүзүп, кийинчерээк өзүнүн аты менен аталып калган Рентген нурларын ачкан.
Бул күнү (ал 8-ноябрда 1895-жылы болгон) Рентген өзүнүн изилдөөсүн жеңилдетүү үчүн бөлмөнү караңгылатып туруп, Крукс түтүкчөсүн кара барак менен бекем ороп салган. Ошондо ал экрандан анча алыс эмес жерде цианоплатин барийи менен капталган жарыктын таасири менен өзүнөн жарык чыккан сызыкчаларды көргөн. Ошондон кийин ал өзүнүн изилдөөсүн жети жума бою токтоосуз жүргүзүп, акырында разряддык түтүкчө менен экрандын ортосунда өтө чоң эмес коргошун дискти кармап турганда икс-нурунан Рентгендин колунун манжаларынын сөөктөрү экрандан көрүнүп калган. Ошентип Рентген дүйнөдө биринчи болуп рентгенди ойлоп тапкан. Анын икс-нурун окумуштуулар рентген нурлары деп атап калышкан. Рентген өзүнүн изилдөөсүн тастыктоо үчүн аялынын манжаларын рентгенден өткөрүп, даана-так түшүп калган колдорунун фотосүрөттөрүн таркаткан. Анын изилдөөсү тууралуу биринчи жолу 1895-жылы жергиликтүү илимий журналга жарыяланып, ал илимий чөйрөгө жана коомчулукка чоң кызыкчылык туудурган жана анын изилдөөсүн илимпоздор дароо эле тастыкташкан.