Көп командалар менен ийгилик жаратып, кеңири таанылган голландиялык футбол машыктыруучусу Гус Хиддинк Нидерландынын Варссевелд шаарында туулган. Гус 12 жашында жергиликтүү клуб – "Варссевелддин" футболдук академиясына окууга кирген. 21 жашында голландиялык “Де Графсхап” клубу менен профессионалдык келишимге кол коёт. Ошентип, чоң футболго жол ачылганда ал ПСВ, НЕК жана Американын “Вашингтон Дипломатс”, “Сан-Хосе Эртквейкс” клубдарында ойногон.