9- Ноябрь 1936 -жылы советтик жана латвиялык шахматчы Михаил Таль туулган

Советтик жана латвиялык шахматчы, шахмат боюнча дүйнөнүн 8-чемпиону Михаил Таль 1936-жылы Латвиянын борбору Ригада туулган.

М.Таль 1960-жылы СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери (Заслуженный мастер спорта СССР) наамын алып, 1957, 1958, 1967, 1972, 1974, 1978-жылдары СССРдин шахмат боюнча 6 жолку чемпиону болгон. Ал эми 1953- жана 1965-жылдары 2 жолу Латвиянын шахмат боюнча чемпиону аталган. 1958-жылы СССРдин шахмат командасынын атынан чыгып, дүйнөнүн 8-чемпиону болгон. 1964-жылы Европанын шахмат боюнча 6 жолку чемпиону, 1979-жылы студенттердин арасында дүйнөнүн 3 жолку чемпиону аталган. М.Таль 1960-жылдан 1970-жылга чейин “Шахматтар” (“Шахматы”) журналынын башкы редактору болуп эмгектенген.

М.Таль шахматтагы акыркы партиясын 1992-жылы 5-майда Испаниянын Барселона шаарында ооруп жатып ойногон. Ал акыркы оюнунда атаандашы Владимир Акопянды утуп алган. Шахматчы 1992-жылы 28-июнда 55 жашында Москва шаарындагы ооруканалардын биринде узакка созулган оорудан улам каза болгон.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан