9- Ноябрь 1970 -жылы француз генералы жана мамлекеттик ишмер Шарль де Голль көз жумган
Франциянын биринчи президенти, генерал Шарль де Голль 80 жашында күрөө тамыры айрылып кетип, күтүүсүз каза тапкан. Бүткүл элдик баатырдын сөөгү Коломбэ кыштагындагы көрүстөнгө коюлган.
Француз генералы, мемлекеттик ишмер Шарль Андре Жозеф Мари де Голль 1890-жылы 22-ноябрда туулган. Ал Париждеги Жогорку аскердик мектепти бүтүргөн. Биринчи (1914-1918), Экинчи дүйнөлүк согуштарга активдүү катышкан. 
Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаган соң, Голлдун Францияда президенттик башкаруу үлгүсүн орнотууга кошкон салымы чоң. 1946-жылы бийликтен кетүүгө аргасыз болуп, "Франция элинин биримдиги" партиясын түзгөн. 1953-жылы ал партиясын кайрадан таратып жиберген. 
1957-1958-жылдары Францияда саясий кризис башталып, узакка созулуп кеткен Алжирдеги согуш дагы бир себеп болуп Франция өкмөтүнүн көпчүлүк бөлүгү Голлду өкмөттү башкарууга чакырган. Ал өкмөт башчы болуп турган убакта өлкөнүн жаңы Конституциясы кабыл алынып, анын негизинде президенттик шайлоо өтөт. 1958-жылы 21-декабрда шайлоо болуп, 75,5 % менен Голль республика президенти болуп шайланган. 1965-жылы кайрадан 7 жылдык мөөнөткө Голль шайланат. Ал өлкөнү башкарып турган убакта Франция атом куралын даярдап, ядролук державага айланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан