10- Ноябрь 1938 -жылы Түркия Республикасынын негиздөөчүсү жана туңгуч президенти Мустафа Кемаль Ататүрк көз жумган

Мустафа Кемаль Ататүрк 1881-жылы 12-мартта ошол мезгилде Осмон империясынын карамагында болгон гректердин Солоники шаарында төрөлгөн. Жарык дүйнөгө келгендеги аты – Мустафа. Кемаль ("Мыкты") деген кошумча ысымды аскер окуу жайында окуп жүргөндө математиканы жакшы окугандыгы үчүн алган. Ал эми Ататүрк ысымы 1934-жылы Түркиянын Улуттук улуу жыйыны тарабынан берилген.

Мустафа Кемаль түрк аскер билим берүүсүнүн бардык баскычтарынан өткөн. Алардын эң жогоркусу Стамбул аскер академиясы болуп эсептелет. 1905-жылы Башкы штабда капитандык чинде жүрүп, бийликке каршы иш жүргүзгөн деген шек менен камакка алынат. Бирок, бат эле бошотулуп, Сириядагы алыскы провинциалдык гарнизонго жөнөтүлөт. Жаш офицер чындыгында эле султан Абдул Хамиддин бийлигинин ички да, тышкы да саясатынын алгылыксыз көп жактарын активдүү түрдө ачыктап жүргөн. Ал француз агартуучуларынын, англис либерализминин идеяларын казып окуп, түрк патриот акындарынын ырларына кызыкан.
1904-1908-жылдары Мустафа Кемаль өкмөттөгү жана армиядагы коррупция менен күрөшүү үчүн революциялык маанайдагы бир нече жашыруун уюмдарды уюштурат. Бирок 1908-жылы революциялык айрым кыймылдар менен көз карашы келишпегендиктен, саясаттан кетип, Италия-Түркия, Экинчи Балкан жана Биринчи дүйнөлүк согуштарга катышып, майдандагы каармандыгы үчүн генерал чинин жана паша титулун алат. Согуштан соң, Антанта блогундагы мамлекеттердин түрк султанын багындырып алышына жана Осмон империясын Севр тынчтык келишиминин негизинде ич ара бөлүп кетишине каршы турган. 1919-жылы Измирге грек армиясы басып киргенде бүтүндөй Анталия боюнча улуттук боштондук кыймылын уюштуруп жетектейт. Стамбулдагы султан өкмөтү менен болгон байланыш толугу менен үзүлөт. 1920-жылы Анкарада Кемалды өзүн бийликтин жогорку органы атаган жаңы Улуттук улуу жыйындын төрагалыгына шайлашат. Жаңы бийликтин структурасын иштеп чыгып, башкы командирликти колго алган соң өзүнүн армиясын түзүп, англо-грециялык баскынчылыкка каршы боштондук күрөшүн жүргүзөт. Кемалдын кол башчылыгы алдында 1922-жылы түрк армиясы баскынчыларды талкалап, Антанта блогун Лозанн келишимин түзүүгө мажбур кылат.
Кемалдын демилгеси менен султандык башкаруу четтетилип, халифат жоюлуп, республика түзүлөт. Ататүрк 1923-жылы республиканын эң алгачкы президенти болуп шайланып, кийин катары менен үч ирет кайрадан шайланган. Жаңы түрк мамлекети жаңы президентке,  жаңы парламентке,  жаңы Башмыйзамга ээ болуу менен башкаруунун жаңы формасына өтөт. Кемалдын бир партиялуу бийлиги 20 жыл бою өкүм сүрүп, ал өлгөндөн кийин гана көп партиялуу система киргизилет. Ататүрк бийликке келгенде Анкараны борбор шаар кылат.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан