11- Ноябрь 1962 -жылы Америкалык актриса Деми Мур туулган
Америкалык актриса Деми Мур АКШнын Нью-Мексико штатындагы Розуэлл шаарында туулган. Деми Мур алгачкы ролун 1982-1983-жылдары "Главный госпиталь" сериалында тартылган. Андан соң "Огни святого Эльма", "Во всём виноват Рио", "По поводу того, что случилось вчера ночью…" сыяктуу жаштарга арналган тасмаларда роль жараткан. Ал эми 1988-жылы "Седьмое знамение" киносунда эң алгачкы башкы ролун аткарган. Ал эми "Привидение", "Несколько хороших парней", "Непристойное предложение", "Разоблачение", "Стриптиз" тасмаларындагы ролдорунан соң Деми Мур Голливуддагы 10 миллион доллар алган алгачкы актриса болгон. 1997-жылы "Если бы стены могли говорить" фильмине тартылып, ал ролу актрисага "Алтын глобус" сыйлыгын алып келген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан