11- Ноябрь 1974 -жылы Америкалык актёр Леонардо Ди Каприо төрөлгөн

Белгилүү америкалык актёр Леонардо Вильгельм Ди Каприо 1974-жылы 11-ноябрда АКШнын Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарында туулган. Бой тартканда Ди Каприо Сидс университетинин алдындагы башталгыч мектептин актёрдук чеберчилик курсунда окуй баштаган. Кийин терең билим алуу үчүн Лос-Анжелеске жѳнѳйт. Ал жерде окутуучулар өткөн сабактарга гана канааттанып калбай, жандуу публикага чыгуу үчүн "The Mud People" авангарддык труппасы менен Лос-Анжелеске гастролго чыккан. Сидс мектебин бүтүргѳндѳн кийин Лос-Фелиздеги Лео Жон Маршалдын мектебине тапшырып, ал жерде ѳзүнүн биринчи пьесасын ойногон. 15 жашында Ди Каприонун ѳзүнүн жеке агенти болуп, ошол мезгилде эле жарнамалык роликтерде, документалдык фильмдерде тартылган. Ошол эле жылы Лео ошол кездеги эң белгилүү "Лесси" сериалында эпизоддук ролдо ойногон. Ошентип, Ди Каприонун карьерасы күндѳн-күнгѳ ѳсүп, 1991-жылы экранда анын катышуусу менен "Зубастики-3" деген аталыштагы биринчи чоң кино тартылган. Бул жылы, 16 жаштагы ѳспүрүмдү ABS компаниясынын - "Growing Pains" белгилүү сериалына тартылууга чакырышкан. Андан соң "Баланын тагдыры" фильминде башкы ролду аткарган. 1993-жылы швед режиссёру Ласс Халстром Ди Каприону "Гилберт Грэйпти эмне тынчсыздандырат?" ("Что гложет Гилберта Грэйпа?") деген фильмине тарткан. Жарым акыл ѳспүрүмдүн ролун жогорку чеберчиликте аткаргандыгы үчүн ал алгачкы жолу "Оскар" жана "Алтын глобус" сыйлыктарына көрсөтүлгөн. Анда Лео 19 жашта гана болгон.

Актёр 2016-жылы февраль айында режиссёр Алехандро Гонсалесанын "Аман калган" («Выживший») тасмасындагы ролу үчүн "Оскар" сыйлыгын алган. Ага чейин актёр 1994-жылы “Гилберт Грейпти эмне тынчсыздандырат?” ("Что гложет Гилберта Грэйпа?"), 2005-жылы “Авиатор”, 2007-жылы “Кандуу алмаз” ("Кровавый алмаз") жана 2014-жылы “Уолл-стриттен чыккан карышкыр” ("Волк с Уолл-стрит") тасмаларындагы ролдору үчүн “Оскарга” талапкер болгон.

Ди Каприо "Ромео + Джульетта", "Баскетболчунун күндөлүктөрү" ("Дневники баскетболиста"), "Титаник", "Кум жээк" ("Пляж") "Нью-Йорктун бандалары" ("Банды Нью-Йорка"), "Мени карма, эгер кармай алсаң" ("Поймай меня, если сможешь"), "Авиатор", "Каргыш тийгендердин аралы" ("Остров проклятых"), "Башталыш" ("Начало"), "Улуу Гэтсби" ("Великий Гэтсби"), "Бошотулган Жанго" ("Джанго освобождённый"), Уолл-стриттен чыккан карышкыр ("Волк с Уолл-стрит") тасмаларына тартылып, атактуулугун арттырган.
Жеке жашоосу

Леонардо Ди Каприо учурда бойдок. 1990-жылдан 2000-жылга чейин актёр даниялык модель Х.Кристенсен менен, 2000-жылдан 2005-жылга ейин бразилиялык модель Ж.Бундхен менен, 2006-жылдан 2009-жылга чейин израилдик модель Б.Рафэли менен сүйүү мамилесинде болгон. Актёр мындан тышкары ырчы Рианна, германиялык модель Тонни Гарн жана Эрин Хизертон аттуу модель менен сүйүү мамиледе болгондугу тууралуу кептер тараган. Бирок Леонардо Ди Каприо сулуулардын эч бири менен никеге турган эмес. Ал жеке жашоосу тууралуу интервьюларынын биринде киного байма-бай тартылып, бош убактысы аз болгондуктан жана үйүндө аз болгондуктан үй-бүлө курууга шашпастыгын  билдирген.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан