11- Ноябрь 2004 -жылы Палестина лидери Ясир Арафат көз жумган
Палестина лидери Ясир Арафат 75 жашында көз жумган. 
Ясир Арафат 1929-жылы 24-августта туулган. 1969-жылдан өмүрүнүн аягына чейин Палестина боштондук кыймылын жетектеген. 1994-жылдан баштап Палестина улуттук администрациясынын төрагасы болгон. Арафаттын ден соолугу 2004-жылдын 28-октябрында кескин начарлай баштап, жарым айдан соң көз жумган.
2013-жылы 6-ноябрда Ясир Арафаттын ууланып өлгөнү тастыкталган. Швейцариялык эксперттер 2004-жылы көз жумган Ясир Арафаттын полонийден (радиоактивдүү химиялык элемент) ууланып өлгөнүн тастыкташкан. Мындай маалыматты дарыгерлердин корутундусу менен таанышкандан кийин анын жубайы Суха Арафат жарыялаган. Экспертизаны Лозанна университетинин Радиациялык физика институтунун адистери жүргүзүп, жыйынтыгында Ясир Арафаттын денесинде полонийдин нормадан 18 эсе көп экени белгилүү болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан