Айтибай Тагаев Ноокат районундагы Эски Ноокат айылында туулган. Анжиандагы гидротехникалык курулуш техникумун, Кыргыз Мамлекеттик университетинин экономика факультетин бүтүргөн. Окууну аяктагандан кийин Кызыл-Кыядагы курулуш материалдар комбинатында финансы-экономикалык маселелер боюнча иш алып барган. 1993-2001-жылы Кызыл-Кыядагы “Нур-Км” акционердик коомунун коммерциялык директору, кийинчирээк директорлор кеңешинин төрагасы болуп иштеген.