14- Ноябрь 1954 -жылы
АКШнын 66-мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс туулган
2001-жылдан бери АКШнын президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин милдетин аркалап келаткан Кондолиза Райс Алабамада мугалимдердин үй-бүлөсүндө туулган. Кичине кезинде эле тилге жөндөмдүүлүгү байкалган, испан жана француз тилдерин тез эле өздөштүрүп алган. Адегенде профессионал музыкант болом деп, рояль классына тапшырган. Бирок тышкы саясатка кызыгып, Мадлен Олбрайттын атасы Жозеф Корбелдин илимий жетекчилиги алдында докторлук диссертациясын жазган. Илимий карьерасы кереметтүү күч менен өсүп отуруп, акыры АКШнын мамлекеттик катчылыгына дейре жеткен. Райс ата-бала Буштардын экөөнүн тең чоң ишениме ээ болгон.