14- Ноябрь 1963 -жылы Орусиялык ырчы, актриса жана телеалпаруучу Лолита Милявская төрөлгөн

Орусиялык ырчы, актриса, режиссер жана телеалпаруучу Лолита Милявская 1963-жылы 14-ноябрда Батыш Украинанын Мукачево шаарында музыканттардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Апасы Алла Микифорова джаз ырчысы, атасы Марк Горелик дирижёр болгон. 1985-жылы Лолита Москва мамлекеттик институтунда режиссёрдун окуусун окуп бүтүргөн. Андан соң Одесса филармониясында актрисалык кесибин баштап, ал жерден актёр, музыкант Александр Цекалого кезиккен. Музыкант менен бирге “Кабарэ-дуэт” долбоорун иштеп чыккан. Экөөнүн дуэти популярдуулукка жетип, үйлөнүшкөн. 1999-жылы экөө Ева аттуу кыздуу болушат. Кийин бул түгөй “ТВ пицца”, "Таңкы почта" (“Утренняя почта”) көрсөтүүлөрүн даярдап, эфирге алып чыккан. 12 жыл чогуу жашап иштешкенден кийин ортодогу түшүн­бөстүк­төрдүн айынан Александр менен Лолита ажырашып, Лолита теледен бир топко жоголуп кеткен. 2000-жылы жеке карьерасын баштоого күч топтоп, телеалпаруучулук кесипти баштаган. 38 жашка келгенде атак-даңктын туу чокусуна жеткен. Көптөгөн ыр жыйнактарын жаздырууга, барктуу журналдардын биринчи бетине чыгууга жетишкен. 2005-жылдын август айында Лолита “Биринчи каналдын” эфирине "Комплекстерсиз" (“Без комплексов”) шоу-көрсөтүүсү менен чыккан. Ал эми 2006-жылдын кышкы сезонунда Александр Цекало менен бирге "Кош жылдыз" (“Две звезды”) музыкалык программасын алпарган. 2012-жылы Лолита Николай Басков жана Андрей Данилко менен бирге белгилүү "Алтынчы күнү кечинде" («Субботний вечер») программасын алып бара баштаган. 2013-жылы "Forbes" журналы Лолита Милявскаяны эң бай 20 орус музыканттарынын катарына киргизген.

Жеке жашоосу

Студент кезинде Лолита Александр Беляев аттуу мырзага баш кошуп, 1 жыл жашаган соң ажырашып кеткен. Кийинчирээк Виталий Милявский менен таанышып, бирок экөөнүн ортосундагы мамиле дагы көпкө узаган эмес. 1987-жылы ырчы Александр Цекалого турмушка чыгып, 12 жыл өткөн соң ажырашкан. 2010-жылы Л.Милявская орусиялык теннисчи Дмитрий Иванов менен баш кошуп, ал акыркы сүйүүсү экендигин элге жарыялаган.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан