Адриано 1954-жылдан баштап өзүнүн чыгармаларын жарата баштайт. Ал 1957-жылы "Rock Boys" тобу менен алгачкы жолу чоң сахнага чыккан. Анда ал "Мен сага "чао" дейм" ("Chao ti diro") аттуу өзү жазган ырын аткарган. 1958-жылы Анкона шаарында өткөн жеңил музыка фестивалында жеңишке жетишет. Бир жылдан соң "Козголоңчу" ырын жаздырып, немистердин үн жаздыруучу компаниясы менен келишим түзүп, миллиондон ашуун нуска менен алгачкы ыр жыйнагы жарыкка чыккан. Ушул учурдан тарта рок-н-роллчу А.Челентано жылдызга айланган. Күйөрмандары анын коңур үнүн эле эмес, сахнадагы динамикалуу кыймылдарын жактырышкан. Мындан улам аны солкулдак темирге (пружина) салыштырышкан.
1966-жылды ырчынын чыгармачылыгындагы бурулуш деп аташат. Себеби фестивалдардын биринде ал автобиографиялык "Глюк көчөсүндөгү бала" ырын аткарып, ал ыры миллиондогон адамдардын жүрөктөрүн багынткан. Дүйнөнүн 22 тилине которулуп, жарым жыл бою италиялык хит-параддардан биринчи орундан түшкөн эмес. Ырчынын жалпысынан блюз, итало-диско, электрондук музыка, рэп, баллада, романтикалык рок багыттарындагы ырларды камтыган 40 ыр жыйнагы чыккан. А.Челентано кинодогу алгачкы ролун 1959-жылы "Балдар жана музыкалык автомат" тасмасында аткарган. Андан кийин 1960-жылы "Таттуу жашоо" тасмасына тартылган. Режиссёр Пьетро Жерминин "Серафино" тасмасындагы ролунан соң А.Челентано дүйнөлүк атак-даңкка жеткен. Жалпысынан актёр 40 фильмге тартылган: "Блеф" (1976),"Кежирди жоошутуу" (1980), "Акылдан азып сүйгөн адам" (1981), "Бинго-Бонго" (1982), "Гранд-Отель", "Эксцельсиор" (1982), "Жоанн Луй" (1985), "Жекпот" (1992) жана башкалар.
А.Челентано жубайы, актриса Клаудия Мори менен "Кызыктай бир адам" тасмасын тартуу учурунда таанышып, 1964-жылы үйлөнүшкөн. Экөөнүн ортосунда 2 кыз жана 1 уулу бар.