17- Ноябрь 2001 -жылы актёр Болот Бейшеналиев каза болгон
Актёр Болот Бейшеналиев 64 жаш курагында жүрөк оорусунан каза болгон.
Болот Бейшеналиев 1937-жы­лы 25-июнда Чүй облусундагы Кемин районунун Калмак-Ашуу айылында төрөлгөн. Опера жана балет театрынын алдындагы студияны аяктап, Ташкент­теги театралдык институтту окуп бүтүргөн. Алгачкы ролун "Тайгак кечүү" фильминде жараткан. Ушул фильмден кийин эле "Биринчи мугалим" тасмасы экрандаштырылып, Болот Бейшеналиевге мугалим Дүйшөндүн ролу берилген.
Кыргыз фильмдеринде: "Ак Мөөрдө" Болоттун, "Саманчынын жолунда" Касымдын, "Отко таазимде" Азизовдун, "Жамийлада" сүрөтчүнүн ролун аткарган. Орто Азия боюнча Болот Бейшеналиев жүздөн ашык кинотасмага тартылып, "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамы жана казактардын "Алтын көпүрө" сыйлыгы, Ардак грамоталар менен сыйланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан